Стоматология кечээ, бүгүн, эртең

Башкы Жаңылыктар

Стоматология кечээ, бүгүн, эртең

Image

ОшМУда “Стоматология  кечээ, бүгүн, эртең” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Конференция ОшМУнун дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борбору жана Кыргыз Республикасынын стоматологиялык ассоциациясы тарабынан өткөрүлүүдө. 
Ага Орусиянын, Өзбекстандын,Таджикистандын жана Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын профессорлору, доценттери, окутуучулары жана ординаторлору катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын түштүк аймагындагы ардагер тиш дарыгерлерге, олимпиадаларга катышкан ординаторлорго атайын белектер тапшырылды.
Ошондой эле атайын пленардык жыйындар уюштурулуп, анда стоматология багыты боюнча кесипкөй адистерди даярдоодогу жаңы тенденциялар, тишти дарылоодогу заманбап ыкма усулдар, заманбап стоматолгиялык техникаларды колдонуу жолдоруу боюнча баяндамалар айтылды.
Конференциянын жыйынтыгында ординаторлорго окуу жайдын медициналык клиникасынын стоматологиялык бөлүмүндө эки багыт боюнча мастер класстар өтүлөт.

Фото галерея