Университетте билим берүү программалары эл аралык аккредитациялоодон өтүүдө

Башкы Жаңылыктар

Университетте билим берүү программалары эл аралык аккредитациялоодон өтүүдө

Image

ОшМУда  даярдалып жаткан кесиптик билим берүү программаларын эл аралык аккредитациялоодон өткөрүү жараяны башталды. Билимдин сапатын баалоо процессинен орто кесиптик билим берүү боюнча 11, бакалавриат боюнча , магистратура боюнча 6 жана  специалитет боюнча 1  программа өтүүдө.

Аккредитациялоону 2023-жылдын 25-29-апрель күндөрү уланып, көз карандысыз «EdNet» билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча агенттигинин эксперттик комиссиясы жүргүзүп жатат.

Бүгүн эксперттик комиссия ОшМУнун администрациясы, аккредитациядан өтүп жаткан билим берүү программаларынын жетекчилери, профессордук-окутуучулук курам, декандар, кафедра башчылары жана  студенттер менен интервью өткөрүштү. Интервьюнун маалыматтарын эксперттер жыйынтыктоочу бүтүм чыгарууда пайдаланышат. 

Алдыда иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен баарлашып, өздөрүн кызыктарган суроолоруна жоопторду алышат.

Ал эми 15-майдан тартып, көз карандысыз эл аралык НААР агенттигинен ОшМУ институционалдык жана программалык аккредитациядан өтөт.

Фото галерея