Өзбекстандын саламаттык сактоо министрлигинен атайын делегация келди

Башкы Жаңылыктар

Өзбекстандын саламаттык сактоо министрлигинен атайын делегация келди

Image

Өзбекстандын саламаттык сактоо министрлигинин терапия жана медициналык реабилитациялоо боюнча республикалык адистештирилген илимий-практикалык медициналык борборунун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Сирожиддин Холмуминов жетектеген делегация ОшМУга иш сапары менен келди. Конокторду  ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев тосуп алып, окуу жай, окуу процесси, инфраструктурасы, эл аралык байланыштары тууралуу айтып берди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү, кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүү жана медицина тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Делегацияны жылуу кабыл алгандыгы үчүн Сирожиддин Холмуминов ыраазычылык билдирип, Өзбекстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин терапия жана медициналык реабилитация боюнча республикалык адистештирилген илимий-практикалык медициналык борбору ОшМУ менен кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи. Коноктор ОшМУнун стоматологиялык жана медициналык клиникалары, медициналык факультетери менен таанышышты.

Фото галерея