Аккредитация 2023: Иш-берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана студенттерден интервью алынууда

Башкы Жаңылыктар

Аккредитация 2023: Иш-берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана студенттерден интервью алынууда

Image

«EdNet» билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча агенттигинин эксперттик комиссиясы аккредитациядан өтүп жаткан билим берүү программалары боюнча студенттер, иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен жолугуп, интервью алышууда.

Ошондой эле кафедралардын билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү программаларын ишке ашыруудагы далилдүү документтер менен иштешүүсү текшерилет.

Мындан сырткары окутуучулар жамаатынын сабактарды жадыбал боюнча өтүүсүнө байкоо жүргүзүшөт. Негизги билим берүү программасына ылайык түзүлгөн практикалык базалардын шарттары менен таанышып, факультеттердин өнүгүү планы менен таанышат.

Учурда ОшМУда жалпы 28 билим берүү программасы эл аралык аккредитациядан өтүп жатат. Университетте буга чейин 117 билим берүү программасы эл аралык билимдин сапатын баалоо процессинен өткөн.

Фото галерея