Министр Каныбек Иманалиев ОшМУнун медициналык базасы менен таанышты 

Башкы Жаңылыктар

Министр Каныбек Иманалиев ОшМУнун медициналык базасы менен таанышты 

Image

Бүгүн 27-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев түштүк аймагындагы жумуш сапарынын алкагында ОшМУнун  Ак-Буура кампусунда болду.  Анда министр окуу жайдын медициналык клиникасынын санариптик флюорография, ультра диагностикалык изилдөө  кабинеттеринин биохимиялык, клиникалык жана цитологиялык лабораториясынын ишмердүүлүгү жана бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. 
Ошондой эле,  медицина факультети, эл аралык медицина факультети DIMEDUS (Digital Medical Education Systems) көп тармактуу виртуалдык клииникасы,  симуляциялык борбор, морфологиялык окуу-илимий лабораториялык  комплекс, анатомиялык, гистологиялык жана физиологиялык окуу лабораториялары,  анатомиялык окуу залы, анатомиялык илимий музейинде болуп, андагы шарттарды көрдү. 
Мындан сырткары Каныбек Иманалиевге Ак-Буура кампусундагы 5 кабаттуу окуу-лабораториялык корпусунун курулушу боюнча да маалымат берилди.

Фото галерея