К.Иманалиев: ОшМУ дүйнөдөгү эң мыкты топ-1000 университеттеринин катарына кирсе деп тилеймин

Башкы Жаңылыктар

К.Иманалиев: ОшМУ дүйнөдөгү эң мыкты топ-1000 университеттеринин катарына кирсе деп тилеймин

Image

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев ОшМУнун башкы корпусунда уюштурулган  сүрөт, кол өнөрчүлүк,  студенттердин санарип багытындагы эмгектеринин көргөзмөсүнө күбө болду.
Ошондой эле, “САНАРИП УНИВЕРСИТЕТ” аталышындагы санариптештирүү багатындагы жасалган иш аракеттердин презентациясын көрдү. Билим берүү министри ОшМУнун студенттери менен жолугуп, баарлашты.
Жолугушууда К.Иманалиев өлкөдө азыркы онлайн билим берүүнүн пайдубалын тургузуп, өнүктүрүүдө мурунку ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун орду чоң экенин баса белгиледи. ОшМУда жасалып жаткан иштер өлкөдөгү бир топ ЖОЖдорго үлгү экенин, айрыкча санариптештирүүдө ОшМУ лидер боло алганын билдирди. Андан сырткары Оштогу университеттер ОшМУга карап өнүп-өсүп келе жатат деп кошумчалады.

Фото галерея