№12 кесиптик лицейинде “Ачык эшиктер күнү” өттү

Башкы Жаңылыктар

№12 кесиптик лицейинде “Ачык эшиктер күнү” өттү

Image

2023-жылы 27-апрелде ОшМУнун №12 кесиптик лицейинде “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү. Мугалимдер жана окуучулар жамааты кызуу даярданып, атайын концерттик программа менен келген конокторду тосуп алып, аларды лицей менен тааныштырышты. Программанын жүрүшүндө ар бир кесиптин окуучулары өз таланттарын көрсөтүп, колдо жасалган эмгектерин көргөзмөгө чыгарышты. Лицейдин сыймыктуу бүтүрүүчүсү катары чакырылган, республикалык эмгек резервинин бөлүм башчысы Турдали Сыдыков  абитуриенттерге кеп-кеңештерин айтты. 
ОшМУнун №12 кесиптик лицейинде 7 кесип боюнча окуучуларды 2 жылдык жана  10 айлык окуу мөөнөтү менен кабыл алат. Мында алар  бюджеттик негизде окуп, аттестат менен биргеликте диплом алып,  жумушка орношууга мүмкүнчүлүк алышат.
Лицей жыл сайын 27-апрелде абитуриенттерди кабыл алуу үчүн "Ачык эшиктер" күнүн өткөрүп келет.

Фото галерея