Билим берүү: “Баскетболдо заслон коюу техникасы”

Башкы Жаңылыктар

Билим берүү: “Баскетболдо заслон коюу техникасы”

Image

2023-жылдын 27-апрелинде саат 13-35 те Дене тарбия факультетинин факультеттер аралык №1 кафедрасынын  жаңы жумушка кабыл алынган окутуучусу Муктар Ботобеков НКРК-(б)-1-22 группасында “Баскетболдо заслон коюу техникасы” деген темада сабак өттү. 
Бул сабак ОшМУга жумушка кабыл алуу процедурасынын талабынын  3-этабы боюнча ишке ашты. Мында окутуучунун компетенттүүлүгүнө баа берилет. Бул сабакка факультеттин жетекчилиги, окутуучулары, бүтүрүүчү курстардын студенттери жана ББСБнын  сапат менеджменти секторунугн башчысы М.М.Былыковалар катышышты. Сабактын аягында окутуучунун сабагына  каалоолор. ой-пикирлер , методикалык сунуштар айтылды.