Евразия улуттук университетинин магистранттарына сертификаттар тапшырылды

Башкы Жаңылыктар

Евразия улуттук университетинин магистранттарына сертификаттар тапшырылды

Image

2023-жылдын 10-апрелинен 23-апрелине чейин Л. Н.Гумилева  атындагы Евразия улуттук университетинин магистранттары "социалдык иш" адистиги боюнча Ош мамлекеттик университетинин тарых жана социалдык иштер факультетинин Социалдык иштер кафедрасында онлайн илимий-практикалык стажировкадан өттү.

26-жылдын 2023-апрелинде онлайн форматта ЕУУнун социология кафедрасынын башчысы- Н. О. Байгабылов жана магистратурасынын эдвайзери - А. К.  Аубакировалардын катышуусу менен стажировкадан өткөндүгү жөнүндө сертификаттар тапшырылды.

 Эл аралык байланыштар  департаментинин директору - А.О. Абдувалиев магистранттарды куттуктап, онлайн конференцияда сертификаттарды тапшырды, ошондой эле социалдык иштер кафедрасынын башчысы-Н. А. Токторбекова жана окуу бөлүмү боюнча декандын орун басары - А. Тагайбекова илимий-практикалык стажировканын ийгиликтүү аякташы менен куттукташты. Тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнү макулдашышты.

Л. Н.Гумилева  атындагы Евразия улуттук университети Ош мамлекеттик университетинин башкы өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Белгилүү болгондой, 2023-жылдын 24 — апрелинде ЕУУда кыргыз тили жана маданияты борбору - Ош мамлекеттик университетинин филиалы ачылган.

Фото галерея