Студенттер Франциянын Пуатье университетине окууга барат

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Франциянын Пуатье университетине окууга барат

Image

Ош мамлекеттик университетинин Эразмус+ программасы боюнча Франциянын Пуатье университетине күзгү семестрде академиялык мобилдүүлүк менен алмашуу программасы боюнча окуп келүү үчүн, дүйнөлүк тилдер жана маданият, бизнес жана менеджмент, медицина, математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин, ошондой эле эл аралык билим берүү программаларынын Жогорку мектебинин студенттери менен интервью болуп өттү.

Студенттер менен интервьюну Пуатье университетинин (Франция) эл аралык бөлүмүнүн жана экономикалык илимдер факультетинин башчысы Филипп Рожон мырза өзү онлайн форматта кабыл алды. Ошондой эле ОшМУ тарабынан офлайн форматта эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдувалиев А. О жана француз тили мугалимдери Забаева Б. У, Тупчибоева М. К, жана Далбаев К. катышышты.

Студенттер интервьюда өздөрүнү мыкты көрсөтүштү, жыйынтыгында Филипп Рожон Мырза комиссиянын мүчөлөрү менен бирге талапкерлерди тандап, кийинки жумада жарыялайт.

Белгилей кетсек, ОшМУнун ректору К.Кожобеков жана ЭАБДнин директору А. О. Абдувалиевдин Пуатье университетине болгон сапарында үстүбүздөгү жылдын февраль айында "Еразмус+ КА 171" программасынын алкагында Пуатье университети менен кызматташуу келишимине кол коюлган.

Фото галерея