ОшМУда Go Viral фестивалы башталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Go Viral фестивалы башталды

Image

Борбордук Азиянын негизги шаарларындагы медиа, бизнес, маданият жана технологияга кызыккан коомдук пикири бар лидерлер, таасирдүү адамдар, активдүү жаштар жана жарандар, адистер жана эксперттердин башын бириктирген Go Viral фестивалы ОшМУнун базасында башталды.
Фестивалдын катышуучулары 28-29-апрель эки күн бою медиа, бизнес, маданият жана жаңы технологиялар, креативдик экономиканын акыркы  тенденциялары боюнча кеңири маалыматтарга ээ болот. Ошондой эле работотехника,астронимия, 3D принтинг боюнча мастер-класстарга катышат. 
Go Viral фестивалынын жүрүшүндө жергиликтүү таланттардын, ОшМУнун Жаштар бизнес паркынын резиденттеринин жарманкеси уюштурулду.  Иш-чара кечинде ачык асман алдында концерт  менен коштолот.
Фестивалдын алкагында АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси, жогору даражадагы дипломаттык кызматынын дасыккан кызматкери Лесли Вигери ОшМУга келди.

Фото галерея