АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси ректор менен жолугушту

Башкы Жаңылыктар

АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси ректор менен жолугушту

Image

Go Viral фестивалынын алкагында ОшМУга келген  АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси, жогору даражадагы дипломаттык кызматынын дасыккан кызматкери Лесли Вигери  ректор Кудайберди Кожобеков менен жолукту
Ректор Кудайберди Кожобеков элчи мырзага окуу жайдын эл аралык мамилелери, анын ичинде АКШнын бир нече ЖОЖдору менен болгон кызматташтыктары, ОшМУ боюнча маалыматтарды берди. 
Элчи мырза Лесли Вигери  өз кезегинде ОшМУга, анын ичинде ректорго жылуу кабыл алгандыгы жана фестивалды өткөрүүгө көмөк көрсөткөнүнө ыраазычылык билдирди. 
Ошондой эле,  ал Ош шаарында ангилис тилин үйрөтүү багытында долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экенин баса белгиледи. Мындан сырткары Ош облусу боюнча 200дөн ашуун мектептин окуучаларын ысык тамак менен камсыздоо боюнча көмөк көрсөтөрүн айтып өттү.
Тараптар алдыда билим берүү багыты боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнү , жаңы баскычка көтөрүүнү сүйлөшүштү.

Фото галерея