ОшМУнун 2 окуучусу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун 2 окуучусу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болду

Image

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылындагы  “Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын тестирлөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Анда ОшМУнун "Билим" лицейинин 11- классынын 2 окуучусу Наргиза Мырзабек кызы жана  Каныкей Куштарова "Алтын тамга-2023" артыкчылык аттестатына ээ болушту.
Сынакта катышуучулар математика, эне тили жана адабият (кыргыз тили жана кыргыз адабияты, орус тили жана орус адабияты, өзбек тили жана өзбек адабияты), Кыргызстандын тарыхы жана химия сабактары боюнча тест тапшырды.
Бул мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга катышуу милдеттүү эмес, ар бир талапкер ѳз ыктыяры менен катышат.
Буга чейин “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын ОшМУнун 13 окуучусу алган.