![](https://oshsu.kg/storage/uploads/thumbnail/YrrqHXcEhVQRj8YiOj9FMeqidY6V4mTPT5fNvJ26.jpeg)
Жогорку Кеңештин “Ынтымак” фракциясынын депутаттары Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Шарапаткан Мажитова, БалбакТулобаев, Лейла Лурова, Мурадил Сыдыков, Аида Исатбек кызы Эрулан Кокулов ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжине келишти.
Конокторго учурда университетте бардык кыймыл-аракеттердин толук түрдө электрондук форматта ишке ашырылып жаткандыгы боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле, абитуриент окуу жайга тапшыргандан тартып, колуна диплом алганга чейинки процесс санариптештирилгендиги боюнча презентация көрсөтүлдү.