Волейбол боюнча ОшМУнун кубогу

Башкы Жаңылыктар

Волейбол боюнча ОшМУнун кубогу

Image

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”  жарлыгына ылайык жана дени сак жашоо жана ден соолук жылынын алкагында ОшМУда 29-30-апрель күндөрү, Ош облусунун райондорунун жана Ош шаарынын мектеп жашындагы кыздар жана балдар командаларынын арасында ОшМУнун кубогу үчүн волейбол боюнча мелдеш болуп өттү.

Волейбол боюнча мелдешке Алай, Араван, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Чоң-Алай, Кара-Кулжа райондорунан жана Ош шаарынан окуучулар катышты. Мелдештин  жыйынтыгын чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин сыйлоо аземине ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы Абсамат Саттаров катышты.

Мыкты командалар, оюнчулар  кубок, диплом, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Окуу жайдын жетекчиси жаш спортчуларга мелдештерге катышып келгендиктери үчүн ыраазычылык билдирип, аларды активдүү сергек жашоого, дене тарбия жана спорт менен машыгууга үндөп, окууларына ийгиликтерди каалады.

Кыздар командасы

1-категория  6-7-класстар

1-орун Алай району;

2-орун Кара-Кулжа району;

3-орун Ноокат району;

2-категория  8-9-класстар

1-орун Ноокат району;

2-орун Ош шаары;

3-орун Кара-Кулжа району;

3-категория 10-11-класстар

1-орун Ош шаары-2;

2-орун Ноокат району;

3-орун Ош шаары-1.

 

Балдар командасы

1-категория  6-7-класстар

1-орун  Ноокат району;

2-орун  Өзгөн району

3-орун  Кара-Кулжа району;

2-категория  8-9-класстар

1-орун  Ноокат району;

2-орун  Чоң-Алай району

3-орун  Кара-Кулжа району;

3-категория 10-11-класстар

1-орун  Кара-Кулжа району;

2-орун  Өзгөн району

3-орун  Араван району

Фото галерея