Билим берүү: Тигүү технологиялары

Башкы Жаңылыктар

Билим берүү: Тигүү технологиялары

Image

Искусство факультетинин доценти Рахима Абдырасулова ДК-1-21 группасында "Тигүү технологиялары" дисциплинасы боюнча "Тигүү үчүн тетиктерди даярдоо" темасында практикалык ачык сабак өттү. Ачык сабакты уюштуруунун максаты, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу жана жаш окутуучуларга методикалык жардам берүү болгон. Сабакка ББСБ кызматкерлери, структуранын метод кеңеш жетекчиси жана факультеттин окутуучулары катышты. Жыйынтыгында сунуш пикирлер айтылып, ачык сабак тасмага тартылып алынды. ББСБнын тиешелүү фондунда сакталат.

Фото галерея