Зальцбург университетинин профессору Курт Роберт Лугер ректор менен жолукту

Башкы Жаңылыктар

Зальцбург университетинин профессору Курт Роберт Лугер ректор менен жолукту

Image

Зальцбург университетинин профессору, Курт Роберт Люгер Ош шаарындагы жеке ишкер,эл аралык эксперт Кристиан Гессе, «Өзгөртүү агенттери» коомдук бирикмесинин директору Илья Ипантиев, Айдай Шаршеева менен университетке келип, ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугушту.

Тараптар ОшМУ менен Зальцбург университетинин ортосундагы  кызматташуу, климаттын өзгөрүшүнүн таасири жана кабыл алынган чечимдер, ОшМУнун Баткен облусунда жана жалпы облуста туруктуу туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы боюнча биргелешкен иштерди жүзөгө ашыруу боюнча сүйлөшүштү.

Ошондой эле Ош шаары жана облусу тууралуу тарыхый булактарды берүүгө көмөктөшүү жөнүндө макулдашышты.

Фото галерея