ОшМУнун бүтүрүүчүсү Самара Эсенбаеванын тушоо кесүү концерти өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун бүтүрүүчүсү Самара Эсенбаеванын тушоо кесүү концерти өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин эстрада бөлүмүнүн 5-курсунун студенти, окуу жайдын Р. Абдыкадыров атындагы Таланттар академиясынын кызматкери Самара Эсенбаева "Жан дүйнөмдө музыка" аттуу тушоо кесүү концертин өткөрдү.

Кечеге университеттин жалпы жамааты, студенттер, ырчынын жакындары, ыр күйөрмандары катышты. Тушоо кесүү концертин "Жаштык" эстрада тобунун жандуу музыкалары коштоду.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Самара Эсенбаеваны куттуктап жатып: “Ар бир бүтүрүүчүбүздүн болочок кесиптик ишмердиги боюнча даярдыгын анын иш аракетинде көрсөтө алсак, ошондо биз билим берүүнүн күтүлүүчү натыйжаларына жеткен болобуз”,-деди.

Самара Эсенбаевага окуу жайдын Ардак грамотасы тапшырылды

Фото галерея