17-майда Ачык эшиктер күнү өтөт

Башкы Жаңылыктар

17-майда Ачык эшиктер күнү өтөт

Image

Ош мамлекеттик университети 2023-жылдын 17-май күнү университеттин башкы имаратында кесипке багыт берүү максатында АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮН өткөрөт.

Иш-чарада окуу жайдын факультет, институт, колледж, лицейлери билим жарманкесин тартуулайт. Бардык адистиктер интерактивдүү шоу-программаларын көрсөтөт.

ОшМУ ачык эшиктер күнүнө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы бардык мектеп бүтүрүүчүлөрүн, мугалимдерди, ата-энелерди конок катары чакырат.

Келген коноктор каалаган адистиги боюнча маалымат алып, студенттердин колунан жасалган жаңы табылгалар, ойлоп табууларга күбө болушат. Университеттин бардык факультеттерине саякаттоого да мүмкүнчүлүк болот.

ОшМУда кесипке багыт берүү иш-чарасы жыл сайын уюштурулат. Ага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан жана Ош шаарынан жалпы 5000ден ашуун абитуриент катышат.