Билим берүү: Эл аралык медицина факультетинде ачык сабактар өтүлдү

Башкы Жаңылыктар

Билим берүү: Эл аралык медицина факультетинде ачык сабактар өтүлдү

Image

2023-жылдын  10-майында   ОшМУнун   Эл аралык медицина факультетинин КД-1 , КД-3 кафедраларына жаңы жумушка кабыл алынган ассистент-окутуучулар ачык сабак өтүштү.  КД-1 кафедрасынын ассистент-окутуучусу Оморова Айжан 6-eng-3-A группасында “ Ички оорулар -4” дисциплинасы боюнча “ Chronic  lymphocytic  leukemia” деген темада, КД-3 кафедрасынын ассистент-окутуучусу Зайналиева Бүкатча “ Үй- бүлөлүк медицина” дисциплинасы боюнча 6-eng-20-A-17 группасында “Allergic diseases in  the practice of a family medicine” деген темада, КД-3 кафедрасынын ассистент-окутуучусу Сатаров Уланбек 5-eng-5-A группасында “Поликлиникалык терапия” дисциплинасы боюнча “ Scleroderma and systemic lupus erythematosus” деген темаларда сабактарды өтүштү.   
Сабактар ОшМУга жумушка кабыл алуу процессинин талабынын  3-этабы боюнча ишке ашты. Мында окутуучунун компетенттүүлүгүнө баа берилет. Сабакка  факультеттеги аты аталган кафедралардын   башчылары, окутуучулары жана ББСБнын  сапат менеджменти секторунун башчысы М.М.Былыковалар катышышты. Сабактын аягында окутуучулардын  өтүлгөн сабактарына   ой-пикирлер , методикалык сунуштар айтылды.

Фото галерея