Физика-техника факультетинде илим жумалыгы өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

Физика-техника факультетинде илим жумалыгы өтүп жатат

Image

Факультеттин илим жумалыгы 2-майда башталып, 12-майга чейин уланат. Иш-чара Физика-техника факультетинин, эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын профессору, ф.-м.и.д.,  Кыргыз Республикасынын Илимине эмгек сиңирген ишмер Байыш Араповдун 80 жылдык мааракесине арналып уюштурулду.

Илимий жумалыктын алкагында пландалган профессор Байыш Араповдун өмүрү, чыгармачылыгын чагылдырган дубал газеталар, илимий кроссворддор, студенттерге, магистранттарга, аспиранттарга арналып уюштурулган акыл-таймаштар, факультеттин ар бир кафедрасында студенттер, магистранттар, аспиранттар, окутуучулар катышкан илимий семинарлар, олимпиадалар, факультеттин илимий иштеринин макалалар, иштелмелер, макеттер, китептердин көргөзмөсү өткөрүлүп жатат.

Илим жумалыктын салтанаттуу аземи 10-майга белгиленип, “Физиканын, энергетиканын проблемалары жана актуалдуу маселелери” аттуу студенттик VII илимий–практикалык конференциясы менен коштолду. Салтанатка окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Руслан Арапбаев баштаган илимий изилдөө бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Пленардык отурумда ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент Марал Өскөнбаев “Илимий мектептин негиздөөчүсү, белгилүү окумуштуу, конденсацияланган заттардын физикасы боюнча чыгаан адис, устат агайыбыз, ф.-м.и.д., профессор  Б. Араповдун 80 жылдыгына карата өмүрү жана илимий чыгармачылыгы жөнүндө сүрөт баян” менен тааныштырды. Аталган илимий конференциянын жүрүшүндө аспиранттар, магистранттар жана  студенттер секциялык отурумдарда  илимий баяндамаларын жасашты.  

Илимий жумалыктын жыйынтыгында мыкты “Иштелмелер”, “Макет”, “Дубал газета” даярдагандар, мыкты баяндама жасагандар, физика боюнча олимпиаданын жеңүүчүлөрү, “Билерман ордо” жана “Акыл таймаш” интелектуалдык оюндарында мыкты оюн көрсөтүп, байгелүү орундардарды ээлеген аспиранттар, магистранттар жана студенттер сыйланат.

“Бул багыттагы иш-чаралар студенттерди факультетте жүргүзүлүп жаткан илимий иштердин багыттары менен тааныштыруу, илимге кызыктыруу, илимий багытта аткарылып жаткан иш-аракеттерди чагылдыруу максатында жыл сайын өткөрүлүп келет”,-деди факультеттин деканы Зарипбек Айдарбеков.

 

 

 

Фото галерея