ОшМУ Түркиянын эки университети жана Тазар кинокомпаниясы менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Түркиянын эки университети жана Тазар кинокомпаниясы менен кызматташат

Image

Окуу жайдын базасында өтүп жаткан Кыргызстан айым-режиссерлорунун V Кинофорумунун алкагында Стамбул Гелишим жана Стамбул Медениет университеттери, Тазар кинокомпаниясы жана “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фонду менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду.

Келишимдерге ылайык тараптар студенттерди, магистранттарды жана окутуучуларды академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча алмашууну ишке ашыруу,  профессордук-окутуучулук курамдын жана илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, жумушчу сапарлар, стажировкаларды уюштуруу, массалык маданий-спорттук жана эс алуу иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү, илимий жана билим берүү ишин илимий-методикалык камсыздоодо бири-бирине маалымат алмашуу жана жардам көрсөтүү, окуу, усулдук жана илимий иштерди жүзөгө ашыруу үчүн адистерди алмашуу каралган.

Мындан сырткары жогорку квалификациядагы илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого көмөк көрсөтүү, эл аралык илимий-практикалык иш-чараларды (форумдар, симпозиумдар, семинарлар, вебинарлар ж.б.) өткөрүү, окутуунун алдыңкы ыкмаларын иштеп чыгуу жана жаңы билим берүү технологияларын киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу багыттары да биргеликте ишке ашырылат.

Эми келишимдин алкагында окуу жайдын Искусство факультетинин Киноакадемиясынын студенттери үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Фото галерея