Студенттер республикалык сынакта байгелүү орундарга ээ болду

Башкы Жаңылыктар

Студенттер республикалык сынакта байгелүү орундарга ээ болду

Image

Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн “Мен репортёр” видеороликтер сынагына  журналистика кафедрасынын студенттери катышып келди. Анда студенттер  Муслима Довурова 2-даражадагы диплом жана баалуу белек, Айпери Мамытбекова Ыраазычылык кат жана акчалай сыйлык менен сыйланды.
Жыл сайын өтүүчү “Мен репортёр” видеороликтер сынагы аталган университеттин Журналистика жана коммуникация институту тарабынан жана USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу”долбоорунун, ошондой эле “Кыргыз Жаш күч” коомдук уюмунун өнөктөштүгү менен уюштурулду. 
Ага өлкөнүн бардык жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери, ошондой эле ММК өкүлдөрү катышты.

Фото галерея