ОшМУнун медициналык колледжи Өзбекстандын медициналык колледждери менен кызматташтыкты бекемдейт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун медициналык колледжи Өзбекстандын медициналык колледждери менен кызматташтыкты бекемдейт

Image

ОшМУнун медициналык колледжинин директору Замирбек Арыновдун жетекчилигинде 8 окутуучудан турган делегация Өзбекстандын  Жиззах областынын Галлаорал медициналык колледжине жана Самарканд областынын Иштихон районунун Иштихон медициналык техникумуна академиялык мобилдүүлүк боюнча 4 күндүк иш сапарга барып келишти.

Жиззах областынын Галляарал медициналык колледжинде тажрыйба алмашуу үчүн барган окутуучулар окутуучулардын  сабактарына катышышып, тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Ошондой эле колледждин материалдык-техникалык базалары менен таанышышты.

 Иш сапардын экинчи күнүндө Самарканд областынын Иштихон районун Иштихон медициналык техникумунда болушту. Иш сапардын алкагында эки элдин, эки медициналык колледждин кызматташтык байланыштарын чыңдоо, медициналык билим берүүгө тиешелүү алдынкы тажрыйбаларды алмашуу меморандумуна кол коюшту.

Фото галерея