Эл аралык медицина факультетинин студенттери олимпиадада биринчи орунду камсыздады

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык медицина факультетинин студенттери олимпиадада биринчи орунду камсыздады

Image

Окуу жайдын эл аралык медицина факультетинин студенттеринен куралган Hippocratic Hex-breakers командасы Бишкектеги Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде өткөн ЖОЖдор аралык студенттик олимпиадага катышып 1-орунга ээ болушту. Олимпиада Кыргыз-Россия Славян университетинин 30 жылдыгына жана Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналып патологиялык физиология боюнча уюштурулду.
Мелдешке өлкөдөгү ЖОЖдордон жалпысынан 14 команда катышты. Олимпиадага студенттерди эл аралык медицина факультетинин деканы Р.Калматов  жана патофизиология предмети боюнча окутуучу  А.Жороева жетектеп барган.
Команда Манас Солунке, Поорва Такур, Нирмал Моход, Шахид Сажад, Акиб Хан 3-курстун 5 студентинен куралган.

Фото галерея