ОшМУнун студенттери УТРКда тажрыйба топтойт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттери УТРКда тажрыйба топтойт

Image

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаев Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Кудайберди Кожобеков менен жолукту.

Бүгүнкү күнү өлкөдөгү бир нече жогорку окуу жайларында журналист кадрлар даярдалат. Алардын бири – 45 миң студентти камтыган Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз тили жана журналистика факультетинин журналистика кафедрасы. Жыл сайын 20дан ашык журналист кадрларды даярдап чыгарган окуу жай студенттердин УТРКда тажрыйба топтоосуна кызыкдар.

Б.Тиллебаевдин айтымында, болочок журналисттерди даярдоо дайыма практика менен айкалышып турушу керек. Студенттер окуп жүргөндө эле программаларды иштеп чыгып, аларды тартып, эфирге алып чыгууга жөндөмдүү болушу кажет.

“Биздин УТРК кадрларды даярдап чыгарган чоң мектеп. Бир нече жогорку окуу жайлары менен келишим түзүп иштеп жатабыз. Жакында эле техникалык адистерди даярдай турган атайын кафедранын филиалын ачтык. Сиздер даярдаган студенттер бизге контент сунуштап, жаштар багытындагы долбоорлорго тартылышы керек. Тыгыз кызматташтык гана мыкты адистерди даярдап чыгууга өбөлгө болот” деди башкы директор.

Азыркы учурда журналистиканын жана анын социалдык тармактардагы ролун эске алуу менен, ОшМУнун алдында медиа борбор ачылып, иштеп жатат дейт ректор Кожобеков. Анын айтымында, бул универститеттин ишмердүүлүгүн жана окуу процесстерин коомчулукка жайылтууга чоң жардам берүүдө.

“Биз журналист адистерди даярдоого өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Азырынча кафедрада даярдалып жатса, жакынкы келечекте факультет катары кеңейтели деген максаттарыбыз бар. Албетте, азыркы журналисттер жазып жана соц.тармактарга “хайп” жаратуу менен чектелбей, коомдук турмушту кесипкөй чагылдырууну үйрөнүшү керек. Биз УТРК менен биринчи жолу кызматташуу келишимине кол коюп жатабыз. Бул биз үчүн чоң жетишкендик жана мыкты адистерди даярдоого шыктанууну жаратат”, деди К.Кожобеков.

Тараптар жакын арада жаңыланып кайра түзүлө турган Ош облустук телерадио компаниясы менен кызматташуу, биргелешкен долбоорлорду даярдоо, жаштардын контенттин көбөйтүү багытында сүйлөштү.

Фото галерея