Билим берүү: Эл аралык медицина факультетинде ачык сабактар өтүлдү

Башкы Жаңылыктар

Билим берүү: Эл аралык медицина факультетинде ачык сабактар өтүлдү

Image

2023-жылдын  11-майында   ОшМУнун   Эл аралык медицина факультетинин Клиникалык дисциплина-2  кафедрасына жаңы жумушка кабыл алынган ассистент-окутуучулары   ачык сабак өтүштү.   Атап айтсак,  кафедранын  ассистент-окутуучусу Айганыш Рысбаева 7-eng-19-B группасында “ Акушердик” дисциплинасы боюнча “ Normal labour. Stages of labour. Partograph” деген темада, ассистент-окутуучусу Гүлсара  Эндеш кызы “ Балдар оорулары” дисциплинасы боюнча eng-22-A-20 группасында “Neotanal periods.Neotanal terminologe. Methodology for ezamining a newborn baby ” деген темаларда сабак  өтүштү.  

Бул сабактар ОшМУга жумушка кабыл алуу процессинин талабынын  3-этабы боюнча ишке ашты. Мында окутуучунун компетенттүүлүгүнө баа берилет. Бул сабакка  факультеттеги аты аталган кафедралардын   башчылары, окутуучулары жана жана ББСБнын  сапат менеджменти секторунун башчысы М.М.Былыковалар катышышты. Сабактын аягында окутуучулардын  өтүлгөн сабактарына   ой-пикирлер , методикалык сунуштар айтылды.

Фото галерея