Спартакиадада ОшМУ чемпион аталды

Башкы Жаңылыктар

Спартакиадада ОшМУ чемпион аталды

Image

Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитети тарабынан уюштурулган окуу жайлардын кызматкерлери арасында өткөн  спартакиадада ОшМУ командалык эсепте биринчи орунду ээледи.

Жыйынтык:

Волейбол боюнча 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку эркектер 1-орун;

Волейбол боюнча 40 жашка чейинки эжекелер 1-орун,  40 жаштан жогорку эжекелер 2-орун;

Футбол боюнча 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку эркектер 1-орун;

Стритбол боюнча агайлар жана эжекелер арасында (45 жашка чейинки жана 45 жаштан жогорку) 1-орун;

Ордо боюнча агайлар 1-орун;

Шахмат боюнча агайлар жана эжекелер - 1-орун;

Тогуз коргоол агайлар - 1-орун;

Стол тенниси боюнча 40 жашка чейинки агайлар жана эжекелер 1-орун,  ал эми 40 жаштан жогорку агайлар 3-орун.

Спартакиаданын жеңүүчүлөрү Ош областтык профсоюз комитети тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар  менен сыйланышты.

Фото галерея