ОшМУ: Bilimfest-2023

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ: Bilimfest-2023

Image

Bilimfest 2023 -  ачык эшиктер күнүнүн салтанаттуу ачылышында сөзгө чыккан ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктап, ОшМУ тууралуу маалымат берди.

Абитуриенттердин билимге болгон ынтызарлыгын күчөткөн университеттин окуудан жана спорттон мыктыларынын  парады көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп бүтүрүүчүлөрү студенттер, окутуучулар менен кызыктуу жолугушууларды өткөрдү. Бүтүрүүчүлөр тематикалык презентацияларга, сынактык тестирлөөргө, викториналарга катышууда.

Фестивалдын бардык программасы ОшМУнун маданий-эстетикалык борбору тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Фестивалга кыргыз шоу-бизнесинин жылдыздары – ырчы Каныкей, журналист, журналист, блогер Назира Айтбекова, стилист Замира Молдошева, белгилүү блогерлер Арген (sigma), Саади жана башка жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ коноктор катышты.

Bilimfest 2023 -  ачык эшиктер күнүнө келген мектеп бүтүрүүчүлөрү QR код аркылуу катталышты, каттоо номерлери аркылуу баалуу белектер ойнотулуп жатат. Абитуриенттер iPhone, ноутбук, смартфон, велосипед, фирмалык рюкзак жана башка эсте каларлык белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Bilimfest-2023 иш-чарасын белгилүү теле алып баруучу Эркин Рыскулбеков алып барууда, мындан сырткары жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ коноктор да чакырылган.  

Фото галерея