Бюджеттик негизде билим алган бүтүрүүчүлөр мектептерге бөлүштүрүлдү

Башкы Жаңылыктар

Бюджеттик негизде билим алган бүтүрүүчүлөр мектептерге бөлүштүрүлдү

Image

КРнын Өкмөтүнүн  2022-жылдын 30-июнундгы №355 токтомун ишке ашыруу максатында Ош мамлекеттик университетинин 2022-2023-окуу жылынын бюджеттик негизде билим алган педагогикалык адистиктеринин бүтүрүүчүлөрүн жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүү иш-чарасы болду.
Жыйынга ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов, кадрлар бөлүмүнүн башчысы  Гүлсара Турдубаева, Ош облусунун райондук билим берүү бөлүмдөрү, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, мектеп директорлору катышты.
Окуу жайда 2022-2023-окуу жылында педагогикалык багыт боюнча бюджеттик негизде билим алган  182 бүтүрүүчү окууну аяктоодо. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген ваканттык жана билим берүү бөлүмдөрүнөн келген талапнаамаларда көрсөтүлгөн орундарга 139 бүтүрүүчү бөлүштүрүлдү. Ал эми 15 бүтүрүүчүгө  өз алдынча жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү берилди. 13 бүтүрүүчү мамлекеттен төлөнгөн контрактты төлөп берүү менен билим берүү мекемелерине акысыз иштеп берүүдөн бошотулду.

Фото галерея