ОшМУнун Жаштар бизнес паркында студенттер үчүн бизнес жүргүзүүнүн сырлары үйрөтүлөт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун Жаштар бизнес паркында студенттер үчүн бизнес жүргүзүүнүн сырлары үйрөтүлөт

Image

ОшМУнун окуучулары, студенттери, аспиранттары, магистранттары жана окутуучулары үчүн сонун мүмкүнчүлүк!

Американын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фонду жана Ош мамлекеттик университинин Жаштар бизнес паркы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан жаштардын арасында ишкердүүлүктү жана стартаптарды өнүктүрүү программасына катышууга чакырабыз!

Бул сурамжылоону толтуруу аркылуу сиз "Жергиликтүү өнүгүү" долбоорунун жаштардын арасында ишкердүүлүктү жана стартаптарды өнүктүрүү программасынын окуу иш-чарасына катышуу үчүн өтүнмө таштаган болосуз.

Тренинг 22-майдан 27-майга чейин 6 күнгө созулуп, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарында ОшМУнун Жаштар бизнес паркында болуп өтөт. Тренингдин 6-күнү (27-май) бизнес идеялардын сынагы уюштурулуп, комиссия тарабынан эң мыкты деп табылган 2 бизнес идеяга долбоор тарабынан $2,000 доллар суммасында колдоо көрсөтүлөт.

Инновациялык бизнес-идеяңызды, так жана түшүнүктүү кылып жазыңыз. Бизнес сыр, өтсөм айтып берем, жолукканда айтып берем, кийин билип аласыз, идеямды сатып жибересиз деген варианттар болбойт. Эмне үчүн Сиз ушул тренингке катышышыңыз керек? так жазып далилдеп бериңиз.

Эгерде Сиздин бизнес-идеяңыз комиссия тарабынан тандалып алынса, Сизге телефон чалып, тренингке чакырабыз!

Программага катышуу 100% акысыз, ошондой эле долбоор тарабынан таркатуучу материалдар жана тамак-ашка байланыштуу бардык чыгымдар каралган.

Орундар чектелүү!
Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2023-жылдын 20-майына чейин жүргүзүлөт.

Суроолор болсо 0772750705 (Эрлан), 0550 085 530 (Айтмамат) номерлери аркылуу байланышсаңыз болот.

Тренинге катышууга өтүнмө таштоо үчүн төмөндөгү шилтеме аркылуу катталыңыз:
https://forms.gle/QqJt8wukE7E8EM4Y6