ОшМУда жыл мыктылары сыйланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда жыл мыктылары сыйланды

Image

ОшМУда 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы менен “Жылдын мыктылары – 2023” сынактарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.

Аземде ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов сденттерди куттуктап, жобонун негизинде факультеттерден, колледждерден мыкты деп тандалып алынган 28 студентке  ОшМУнун "Окумуштуулар кеңешинин стипендиаты" деген сертификаттарды жана 5000 сомдон акчалай сыйлыктарды  тапшырды.

Ошондой эле  ОшМУда жыл сайын салтка айланып уюштурулуп келе жаткан тарбия иштерин стимулдаштыруучу конкурстун жеңүүчүлөрүн окуу жайдын студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова  куттуктап сыйлыктарын тапшырды.

“Мыкты орун басар – 2023” конкурсунун жеңүүчүсү  деп табылган Табият таануу, туризм жана айыл чарба технологиялары факультетинин деканын тарбия иштери боюнча орун басары Жанарбек Султанов, Медициналык колледждин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Гульмира Жакыпова ОшМУнун Ысык-Көлдөгү “Үмүт” пансионатына  жолдонмо жана 3000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

“Мыкты куратор” конкурсунда  I, II, III орундарды алган окутуучулар Медициналык колледжинен  Кызбурак Маметова диплом, 20000 сом,  Физика-техника факультетинен Асылбек Жапаркулов диплом, 15000 сом, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинен Бегимай Смадияровага диплом, 10000 сом акчалай сыйлык ыйгарылды.

Ал эми “Мыкты акыйкатчы” конкурсунда мыкты аталган Пайизмаматова Тазаада, Барчынбек уулу Алтынбек, Үрүлбаева Сүйнура жана  “Мыкты староста  -2023”  наамын алган  ИБ-1-21 тайпасынын старостасы  Байыш кызы Айтунук диплом, акчалай сыйлыктарды алышты.

“ Мыкты тайпа -2023” сынагында Тарых факультетинин  ИБ-1-21 тайпасы 1-орунду, Табият таануу,туризм жана айыл чарба технологиялары факультетинин ГК-1-21 тайпасы 2-орунду, Эл аралык медицина факультетинин Инл- 10- 21 тайпасы 3-орунду ээлеп, диплом жана  акчалай сыйлыктарга ээ болду.

Кеченин жүрүшүн концерттик программа коштоду.

 

Фото галерея