ОшМУда эмгектенген “Баатыр Энелер” сыйланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда эмгектенген “Баатыр Энелер” сыйланды

Image

Агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенүү менен үй-бүлөдө уул-кыздарды татыктуу тарбиялап келе жаткан баатыр энелерди ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов “Энелер күнү” менен куттуктап, окуу жайдын кесиптик кошууну тарабынан акчалай сыйлык жана белек тапшырды.
Учурда окуу жайда тогуз  “Баатыр Эне” эмгектенип келүүдө.  Алар Бизнес жана менеджмент факультетинин методисти Гүлгаакы Сагымбаева  3-уул , 4-кыздын, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин лаборанты Аналбү Асанова 7-кыз,1-уулдун, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин улук окутуучусу Бактыгүл Забаева  7 кыздын, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин окутуучусу Жыпара Тажибаева  6 – кыз, 1- уулдун, Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин окутуучусу Зайна Бубаева 6 уул, 1 кыздын, Юридика факультетинин окутуучусу Асель Акматбекова  6 кыз, 1 уулдун, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин окутуучусу Нүргүл Сейитбекова  6 кыз, 1 уулдун,  Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин  окутуучусу Эльмира Самиева 4-кыз 3-уулдун, ОшМУнун медициналык клиникасынын кызматкери Чынара Гапарова 8 баланын  энеси. 
Ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде республика аймагында Энелер күнү белгиленип келет.

Фото галерея