Терминологиялык эксперттик топтун жыйынты өттү

Башкы Жаңылыктар

Терминологиялык эксперттик топтун жыйынты өттү

Image

Кыргыз республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова, Кыргыз энциклопедия жана Терминология борборунун директору Нуржан Маражапова ОшМУнун базасында түзүлгөн Ош облусу боюнча Терминологиялык эксперттик топтун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Ага ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова, эсперттик топтун мүчөлөрү катышты.

Жыйында учурда ар кандай терминдер баш аламан колдонулуп жатканы, ошолорду бирдиктүү жөнгө салуу максатында эксперттик топ жигердүү иштеп жатканы боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле,  Бишкектеги Терминологиялык эксперттик топ менен тыгыз байланышта иштөө маселеси каралды.

Жыйынтыгында Кыргыз терминологиясынын кеп, сөз куржунун толтуруу үчүн алдыда жигердүү иштөө маселеси коюлду. Андан сырктары эксперттик топко Оштогу ар тармактан окумуштуулар мүчө болду.

Фото галерея