Билим берүү: Дд тамгасынын элементтерин жазуу

Башкы Жаңылыктар

Билим берүү: Дд тамгасынын элементтерин жазуу

Image

2023-жылдын  24-майында   Педагогика, психология факультетинин башталгыч билим берүүнүн  тилдеринин , адабиятынын теориясы жана методикасы  кафедрасына жаңы жумушка кабыл алынган ассистент-окутуучусу Айсулуу Аскарбек кызы ачык сабак өттү.   Ачык  сабак  НДЛ-5-22  группасында “Башталгыч класстарда окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү менен каллиграфия боюнча практика” дисциплинасы боюнча  “Дд тамгасынын элементтерин жазуу” деген темада болду.
Бул  ачык сабак ОшМУга жумушка кабыл алуу процедурасынын талабынын  3-этабы боюнча ишке ашты. Мында окутуучунун компетенттүүлүгүнө баа берилет. Бул сабакка  кафедра   башчысы, факультеттин методикалык кеңештин төрайымы жана  ББСБнын  сапат менеджменти секторунун башчысы М.М.Былыковалар катышты. Сабактын аягында окутуучунун   өтүлгөн сабагына  ой-пикирлер, методикалык сунуштар айтылды.