Министр: Окуу-өндүрүштүк комплексинде даярдалган продукцияларга буюртма беребиз

Башкы Жаңылыктар

Министр: Окуу-өндүрүштүк комплексинде даярдалган продукцияларга буюртма беребиз

Image

Каныбек Иманалиев окуу жайдын окуу-өндүрүштүк комплексиндеги тигүү цехинин иш процессине күбө болуп, өндүрүлгөн продукциялар, студенттердин эмгектери коюлган ОшМУнун фирмалык дүкөнү менен таанышты.
Окуу-өндүрүштүк комплексинде даярдалган продукциялардын сапатына баа берип, алдыда министрликтин иш-чараларына комплексте чыгарылган этно стилдеги шоперлерге буюртма берүү сунушун айтты.
ОшМУнун “Окуу-өндүрүштүк комплекси” 2022-жылдын 3-ноябрында колдонууга берилген. Окуу-өндүрүштүк комплекс 2018-жылы ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында ачылган. 
Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Фото галерея