Индиянын Альянс университети ОшМУ менен кызматташууга кызыктар

Башкы Жаңылыктар

Индиянын Альянс университети ОшМУ менен кызматташууга кызыктар

Image

Индиянын Альянс университети менен ОшМУнун ортосунда видео байланыш аркылуу жолугушуу болду. Ага Альянс университетинин Эл аралык байланыштар департаментинин директору Ражен Чаттерджи жана Альянс университетинин гуманитардык илимдер факультетинин саясат таануу бөлүмүнүн башчысы Жулиен Паре, ал эми ОшМУдан, Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Зилола Рахимова катышты.

Тараптар студенттердин, ординаторлордун жана мугалимдердин академиялык мобилдүүлүгү, кош дипломдук билим берүү программалары, студенттердин стажировкалары, конок лекцияларын уюштуруу боюнча сүйлөшүштү.  Ошондой эле Альянс университетинин “Глобалдык лидерлик альянсы (GLA)” программасын ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Жыйынтыгында 2023-2024-окуу жылына карата келишимдерди түзүү процессин тездетүү жана студенттер менен мугалимдердин академиялык мобилдүүлүгүн баштоо чечими кабыл алынды.

Фото галерея