Билим берүү: Дарыгердин этикасы  жана   КР дин Акыйкатчысы жана  Эсептөө палатасы

Башкы Жаңылыктар

Билим берүү: Дарыгердин этикасы  жана   КР дин Акыйкатчысы жана  Эсептөө палатасы

Image

2023-жылдын 3-июнунда 2-парада Эл аралык медицина факультетинин Социалдык- гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Р.А.Ысмаилова Дарылоо иши адистигинин 3- потогунун (13-18гр.) студенттерине  "Этика" дисциплинасы боюнча " VALUE ORLENTATIONS: Professional values" ( дарыгердин этикасы) деген темада лекциялык ачык сабак өттү.

Ачык сабак ОшМУнун окуу-методикалык кеңеши тарабынан окуу жылынын башында  пландалган. Ачык сабакты өтүүнүн максаты алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу жана жаш окутуучуларга методикалык жардам көрсөтүүнү көздөйт. Сабак окутуунун жаңы технологияларын пайдалануу менен жогорку деңгээлдет өтүп,  "Үмүт" телестудиясы тарабынан видоего тартылып алынды.

Бул ачык сабактар ОшМУнун " Алтын фондунда " сакталат.

Ал эми 2-июндун  3- академиялык сааттында  финансы-юридикалык колледжинин  укук таануу жана укук  коргоо  ишмердүүлүгү  ПЦКнын окутуучусу Мазира Базарбаева   УТК- 7-21 группасында " Конституциялык укук" дисциплинпсы боюнча " КР дин Акыйкатчысы жана  Эсептөө палатасы" деген темада ачык сабак өттү.