ОшМУда окумуштуулук даражаларды изденүүчүлѳрдүн V мектеби өз ишин баштады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда окумуштуулук даражаларды изденүүчүлѳрдүн V мектеби өз ишин баштады

Image

ОшМУда окумуштуулук даражаларды изденүүчүлѳрдүн (докторанттар жана аспиранттардын)   V  мектеби ишин баштады. 
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы Бакыт Тыналиева, «Антиплагиат»  компаниясынын  аткаруучу  директору Юрий  Чехович, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгуль Абдраева, ОшМУнун дистанциондук билим берүү технологиялар менен иштөө боюнча проректору Таасилкан Жумабаева, илимий иштер боюнча проректору Руслан Арапбаев баштаган окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, жогорку окуу жайлардын илим жана аспирантура бөлүмдөрүнүн жетекчилери, докторанттар, аспиранттар, магистранттар катышып жатат.
Үч күнгө созулган жыйында окумуштуулардын жана эксперттердин тематикалык баяндамаларын угуу жана актуалдуу маселелерди талкуулоо каралган.

Фото галерея