Мобилдүүлүк: Айжаркын Абдилатова Памуккале Университетинде билим алып жатат

Башкы Жаңылыктар

Мобилдүүлүк: Айжаркын Абдилатова Памуккале Университетинде билим алып жатат

Image

Айжаркын Абдилатова ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин 2-курсунун студенти. Ал 2022-2023-окуу жылында эки тараптуу келишимдин негизинде академиялык мобилдүүлүк боюнча Турциянын Денизли шаарындагы Памуккале Университетинде билим алып жатат. Айжаркын ОшМУдан Памуккале Университетине эки тараптуу келишимдин негизинде барган биринчи студент. Окуп жаткан бөлүмүндө чет элдик жалгыз студент болгондугуна карабастан Айжаркын университеттин илимий жана маданий иш-чараларына активдүү катышууда.

2023-жылдын 2-июнунда Памуккале Университетинин Гуманитардык жана коомдук илимдер факультетинин Түрк тили жана адабияты бөлүмү тарабынан уюштурулган ашыктык (ырчылык салтынын) эң алдыңкы өкүлү саналган Ашык Вейселди эскерүү кечесине катышты.

Бул иш-чарага Украина, Казакстан, Азербайжан, Ооганстандан студенттер да келди.

Фото галерея