Билим берүү: STEM колледжи менен Теология факультетинде ачык сабактар өтүлдү

Башкы Жаңылыктар

Билим берүү: STEM колледжи менен Теология факультетинде ачык сабактар өтүлдү

Image

2023-жылдын 8-июнунда  3- академиялык саатта  STEM колледжинин Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучусу Г.Т.Ажымаматова  ПДс9-5-21 группасында "Кыргызстандын географиясы" мдисциплинасы боюнчам " Кыргызстандын административдик аймактык бөлүнүүсү" деген темада ачык сабак  өттү.

Ал эми  9- июндун 2- академиялык сааттында Теология факультетинин Дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын окутуучусу Зар Зур Али " Араб тили"  дисциплинасы боюнча  "Суроолуу сүйлөмдөр"  деген темада ачык сабак өттү.

Ачык сабактар алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу жана жаш окутуучуларга методикалык жардам берүү максатында өтүлдү. Сабакка структуранын методикалык кеңешинин төрайымы, бөлүм башчысы жана жаш окутуучулар катышты.

Ачык сабак Алтын фондго сактоо максатында  "Үмүт" телестудиясы тарабынан видеого тартылды.