Кытайда ОшМУнун Конфуций  институтунун отчетуна жогорку баа берилди

Башкы Жаңылыктар

Кытайда ОшМУнун Конфуций  институтунун отчетуна жогорку баа берилди

Image

Кытайда  жумушчу сапарда  жүргөн ректор баштаган делегация Синьцзян педагогикалык университетине барып, анда ОшМУнун Конфуций  институтунун башкаруу кеңешинин кезектеги отурумуна катышты.
Кеңешмеде Конфуций институтунун 2022-жылдагы отчету угулуп,  2023 -2024 жылынын планы талкууланды. Эки окуу жайдын ректорлору тарабынан Конфуций институнун отчету жактырылып, ишмердүүлүгүнө жакшы баа берилди. Ошол эле учурда Конфуций институтун дагы да өнүктүрүү перспективалары талкууланды. 
Жыйындан соң делегация Синьцзян педагогикалык университетинин  материалдык техникалык техникалык базасы менен таанышып, жолугушуудан соң ректор ОшМУдан барып бакалавр жана магистратура баскычтарында окуп жаткан студенттер менен жолугуп баарлашты.
ОшМУнун Конфуций  институту Кыргыз-Кытай факультети Синьцзян педагогикалык университети менен биргеликте ачылган.

Фото галерея