Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы менен кызматташтыктар бекемделет

Башкы Жаңылыктар

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы менен кызматташтыктар бекемделет

Image

Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын илимий иштери боюнча проректору Нурмира Абдыбекова ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору Русланбек Арапбаев менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында  эки университеттин билим берүү, илим изилдөө жаатындагы кызматташтыктары, окутуучулардын бири-бири менен тажрыйба алмашуусу, биргелешкен илимий конференцияларды уюштуруу боюнча сөз болду.  

“Университеттик спорт: улуттун саламаттыгы жана өнүгүшү” аттуу м.и.д., профессор Б.Т.Турусбековдун элесине арналган студенттердин жана окумуштуулардын XII эл аралык илимий конференциясын  өлкөнүн  жогорку окуу жайлары менен биргеликте  уюштуруу иштери боюнча сүйлөшүүлөр орун алды.

Фото галерея