Өзбекстан мамлекеттик университетинин доценти конок лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Өзбекстан мамлекеттик университетинин доценти конок лекция окуду

Image

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты, Өзбекстан жазуучулар союзунун мүчөсү, белгилүү журналист Толкун Эшбеков келди.
Толкун Эшбеков журналистика адистигинин студенттерине “Пиардын эффективдүүлүгүн арттыруучу ыкмалар” аталышында конок лекция окуду. Ошондой эле университеттин окуу корпустары, материалдык-техникалык базасы, инфра түзүмү менен таанышты.
Мындан сырткары ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, баарлашты. Анда тараптар эки окуу жайдын ортосундагы билим берүү, илим, студенттердин, окутуучулардын ортосундагы академиялык мобилдүүлүк, кош дипломдуулук боюнча кызматташуу багыттары талкуулашты.

Фото галерея