Облустук “Жылдын мыкты мугалими-2023” сынагында ОшМУнун аспиранты жеңишке жетти

Башкы Жаңылыктар

Облустук “Жылдын мыкты мугалими-2023” сынагында ОшМУнун аспиранты жеңишке жетти

Image

Ош шаарында өткөн “Жылдын мыкты мугалими-2023” сынагынын облустук баскычы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине катышкан ОшМУнун педагогикалык практика борборунун директору Адылбек Батыралиев  сынакка катышып байгелүү орундарды ээлеген  ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүн куттуктап, аларга окуу жайдын ыраазычылык каттарын, акчалай сыйлыктарын, ОшМУнун төш белгисин тапшырды.

“ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү жыл сайын “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынактарда баш байгени ээлеп келе жаткандыгы бизди кубандырат. Анткени окуу жайдагы билим берүүнүн сапаты анын бүтүрүүчүлөрүнүн ийгиликтери менен аныкталат эмеспи.  Быйылкы облустук сынакта да 1-орунду ээлеген Айпери Кеңеш кызы ОшМУнун аспиранты болсо, 2- орунду ээлеген Манас Жалилов, 3-орунду ээлеген Сабира Исмаилова ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү.

Ал эми «Педагогикалык дебют» номинациясы боюнча 1-орунду ээлеген Адилет Айтматов, 2-орунду ээлеген Бексултан Төлөнбай уулу, «Эң мыктынын мыктысы» номинациясы боюнча 1-орунду ээлеген Алтынай Тажикова, 2-орунду ээлеген Айчүрөк Асанбаева, 3-орунду ээлеген Акбермет Түгөлбаева ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү болуп саналат. Албетте мындай ийгиликтер биздин окуу жайдын жамаатын кубандырат”, -деди ОшМУнун педагогикалык практика борборунун директору Адылбек Батыралиев.

2022-жылы республикалык  “Жылдын мыкты мугалими-2022” кароо сынагында ОшМУнун бүтүрүүчүсү Нурсултан Акылбек уулу,  “Жылдын мыкты тарбиячысы-2022”  сынагында Гүлназ Түленбаева баш байгени жеңип алышкан.

 

Фото галерея