Фергана мамлекеттик университети менен ОшМУнун кызматташтыгы бекемделет

Башкы Жаңылыктар

Фергана мамлекеттик университети менен ОшМУнун кызматташтыгы бекемделет

Image

ОшМУга Фергана мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору Шароф Шухратов баштаган делегация келди. Конокторду университеттин окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов кабыл алды.

Жолугушууда эки окуу жайдын буга чейинки байланыштары, академиялык мобилдүүлүк, тармактык кызматташтык жана юриспруденция, орус филология багыттарында биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулашты.  Жыйынга окуу жайдын орус филологиясы факультетинин деканы  Гулипа Мадмарова да катышты.

Фото галерея