ОшМУнун профессору Помор университетинде конок лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун профессору Помор университетинде конок лекция окуду

Image

Табият таануу,туризм жана айыл чарба технологиялары факультетинин деканы, профессор Абдурашит Низамиев 2023-жылдын 30-майынан 13-июнуна чейин чакырылуучу профессор программасы боюнча Польшанын Слупск шаарындагы Помор университетинде болуп келди.

“Иш сапарынын алкагында 1-2-июнь күндөрү Помор академиясынын университет болуп макам алуу салтанатына катыштым. Андан сырткары  университетте туризм багытында билим алып жаткан студенттерге агротуризм жана анимация свободного времени в туризме аталышындагы предметтерден конок лекция өттүм. Университеттин материалдык-техникалык базасы жана окуу процессин уюштуруу өзгөчөлүктөрү менен да тааныштым”, -деди профессор Абдурашит Низамиев.

Учурда ОшМУ Польшанын 3 жогорку окуу жайы: Быдгош экономикалык университети, Белосток улуттук университети жана Помор университети  менен кызматташып келет.

Фото галерея