ОшМУнун окутуучулары жана студенттери эл аралык йога күнүнө катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары жана студенттери эл аралык йога күнүнө катышты

Image

Ош шаарындагы “Алай ”футбол академиясынын машыгуу талаасында Эл аралык йога күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, маданият ишмерлери, йога мышыктыруучулары жана активдүү шаар тургундары катышты.

Майрамдык программада YogaMama борборунун презентациялары, машыгуулар, ОшМУнун индиялык студенттеринин бий тобунун аткаруусу, Индиянын улуттук музыкасы, кыргыз улуттук тамактарынын көргөзмөсү орун алды. Активдүү катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Йога күнү Ош шаарында тогузунчу ирет белгиленди.

Эл аралык йога күнүн Бириккен улуттар уюму 170 өлкөнүн колдоосу менен 2014-жылы кабыл алган.

Фото галерея