Медицина факультетинин 30 жылдык мааркеси белгиленүүдө

Башкы Жаңылыктар

Медицина факультетинин 30 жылдык мааркеси белгиленүүдө

Image

Башкы корпуста "Теорияны, билимди жана илимди колдонмо медицина менен интерграциялоо" аталышындагы илимий конференция өтүүдө.  Иш-чара   Медицина факультетинин 30 жылдыгына жана медицина факультетинин биринчи деканы, медицина илимдеринин доктору, профессор Жеенбаев Жолборс Жеенбаевичтин 75жылдыгынын алкагында уюштурулду.

Илимий конференцияга окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, Өзбекстан, Орусия, Италия, Польша жана  Казакстандын жогорку окуу жайларынан келген илимпоздор катышууда.

Конференцияда илимий докладдар талкууланып, пленардык отурумдар орун алат.  Иш-чаранын жүрүшү онлайнда Zoom  платформасы аркылуу өтүп,  22-23-июнь күндөрү  уланат.

2013-жылы Медицина факультетинин 20жылдыгына жана  медициналык, стоматологиялык клиникалардын ачылышына карата атайын китеп жарык көргөн.  Аталган китепте негизинен медицина факультетинин 20 жыл ичиндеги басып өткөн жолу фото галерея аркылуу чагылдырылган.

Фото галерея