Абитуриент-2023 : Жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталды

Башкы Жаңылыктар

Абитуриент-2023 : Жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталды

Image

Бүгүн, 17-июлда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун I туру башталды. Биринчи тур 19-июль күнү саат 14.00дө аяктайт.

Абитуриенттер ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун  https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун графиги төмөндөгүдөй:

- I тур - 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин;

- II тур - 24-июль саат 8:00дөн 26-июль саат 14:00гө чейин;

- III тур - 31-июль  саат 8:00дөн 2-август 14:00гө чейин;

- IV тур - 7-август саат 8:00дөн 9-август күнү 14:00гө чейин;

Фото галерея